«Ишкердикти өнүктүрүү фонду» МКК ААКнын акционеринин жылдык чогулушу болуп өттү

Жолугушууга темендегулер катышты:

  • Жалгыз акционердин өкүлдөрү - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги.
  • «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» МКК ААКнын кызмат адамдары.
  • «Кыргызаудит» АКФ ЖАК көз карандысыз аудитордук компаниянын өкүлү
  • Каттоочу, «Медина» ЖЧКсы

Жыйында төмөндөгүлөр угулду жана бекитилди:

  • Компаниянын 2022-жылга финансылык-чарбалык ишмердүүлүгү жөнүндө отчет.
  • 2022-жылга бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет.
  • Компаниянын 2023-жылга жылдык бюджети.
  • 2023-2027-жылдарга компаниянын жаңы стратегиясы бекитилди.

Жыйындын жүрүшүндө «МКК Ишкердикти өнүктүрүү фонду» ААК ишмердүүлүгүнүн оң натыйжалары белгиленип, ошондой эле Жалгыз акционерге иш процессине алдыңкы санариптик технологияларды киргизүү жана аймактардагы ишкерлерди колдоо боюнча ишти күчөтүү тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, ААК МКК «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» 1991-жылы түзүлгөн. Акциялардын 100%ы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине таандык.

Биздин социалдык тармактар