"Ишкердикти өнүктүрүү микрокредиттик компаниясы" ААК уставдык капиталын толуктоо үчүн 500 млн сом алды.
Ведомстводон маалымдашкандай, каражат президент Садыр Жапаровдун III Элдик курултайда жылдык 8% менен ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү боюнча тапшырмасын аткаруунун алкагында Финансы министрлиги тарабынан бөлүндү.
Каржылоо чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик программанын алкагында жүргүзүлүүдө. Программанын максаты – ишкерликти өнүктүрүүгө көмөктөшүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана өлкө экономикасын чыңдоо.
Жеңилдетилген насыяларды алуу үчүн 2025-жылдын 25-июнунан тарта Ишкердикти өнүктүрүү фондунун борбордук кеңсесине жана аймактык филиалдарына кайрылууга болот.
Азыркы учурда фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык насыя берүү процессин баштоо үчүн зарыл болгон бардык процедураларды жүргүзүүдө.
Источник: https://kabar.kg/news/mamleket-ishkerlerge-zheildetilgen-nasyya-berg-500-mln-som-bld/