Ишкердикти өнүктүрүү фондунда компаниянын акционерлеринин жыйыны болуп өттү

2025-жылдын 25-апрелинде Ишкердикти өнүктүрүү фондунда компаниянын акционерлеринин жыйыны болуп өттү. Белгилей кетсек, компаниянын жалгыз акционери — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги болуп саналат.

Жыйында төмөнкү маселелер угулуп, бекитилди:

  • Компаниянын 2024-жылдагы каржы-чарба ишмердүүлүгү боюнча отчету;
  • 2024-жылдагы бюджеттин аткарылышы тууралуу отчет;
  • Фонддун 2024-жылдагы баланстык жана киреше-чыгаша эсептери боюнча жылдык жыйынтыгы;
  • Фонддун 2024-жылдагы таза кирешесин бөлүштүрүү тартиби;
  • 2025-жылга карата компаниянын жылдык бюджети.

Фонддун Башкармалыгынын төрагасы Ишенбек Бектурсунович Медетов өзүнүн отчетунда белгилегендей, 2024-жылы компания Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин колдоосу менен туруктуу өнүгүүнү уланткан. 2024-жылдын аягында компаниянын уставдык капиталы 1 миллиард 245 миллион сомго жетип, ал эми кредиттик портфели 1 миллиард 160 миллион сомдон ашкан. Салыштыруу үчүн, 2024-жылдын башында уставдык капитал 620 миллион сомду, ал эми кредиттик портфель 680 миллион сомду түзгөн.

Бул жетишкендиктер компанияга чакан жана орто ишканаларга жеткиликтүү кредиттерди берүү жана экономикадагы ар кандай тармактардагы жергиликтүү ишкерлерди колдоо мүмкүнчүлүгүн берген.

Акционердин өкүлдөрү учурдагы натыйжаларга канааттануусун билдирип, 2025-жылга карата жаңы пландарды талкуулашты. Алардын ичинен негизгилеринин бири — чакан жана орто бизнести колдоо үчүн жеткиликтүү кредиттик программаларды кеңейтүү болуп саналат. Бул жылы компания республикалык бюджеттен 500 миллион сом тартууну жана аларды жеңилдетилген пайыздык чен менен ишкерлерге берүү максатын коюуда. Бул каражаттар ишкерлерге көйгөйлөрдү чечүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана бизнесин кеңейтүүгө жардам берет.

Мындан тышкары, 2025-жылы компания жашыл экономика, өнөр жай, өндүрүш жана аялдардын ишкердиги сыяктуу артыкчылыктуу багыттар үчүн жаңы кредиттик продуктуларды иштеп чыгууну улантат. Бул чаралар дагы көп сандагы адамдарга өз бизнесин баштап, ийгиликтүү өнүктүрүүгө жардам берет деп күтүлүүдө.

Жыйынтыгында, компаниянын өкүлдөрү акционерлерге көрсөткөн колдоосу жана келечекке ишеним үчүн ыраазычылык билдиришти. Компания мындан ары да өз кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу жана бардык кардарлары үчүн туруктуу өсүштү камсыз кылуу багытында иштөөнү улантарын билдиришти.

Биздин социалдык тармактар