Ишкердикти өнүктүрүү фонду Баткен облусу үчүн 11% менен берилүүчү насыялар тууралуу эскертет

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ишкердикти өнүктүрүү фонду Баткен облусунун ишкерлерине 11% жылдык чен менен берилүүчү насыялар тууралуу эскертет.

Башка облустардагы ишкерлер 12% менен насыя ала алышат. Бирок, каржылоо региондордогу чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багытталгандыктан, көрсөтүлгөн пайыздык чен менен насыялар Бишкек жана Ош шаарларында иш алып барган ишкерлерге берилбейт.

Насыянын мөөнөтү 3 айдан 36 айга чейин, эгер насыянын суммасы 200 000 сомдон 1 000 000 сомго чейин болсо. Ал эми 1 000 000 сомдон 5 000 000 сомго чейинки насыялар 60 айга чейин берилет.

Маанилүү артыкчылык — кызмат көрсөтүү же өндүрүш тармагындагы насыялоо учурунда ишкердин менчик капиталынын көлөмүнөн ашкан суммада насыя алуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Насыя алуу үчүн, ишкелер Кыргыз Республикасынын резиденти болуу жана арыз тапшырган учурда жарактуу патентке же жеке ишкер катары катталгандыгын тастыктаган күбөлүккө ээ болуу зарыл.

Ишкерлер үчүн сунушталган ыңгайлуу насыялык шарттар тууралуу толук маалыматты Ишкерлерди өнүктүрүү фондунун расмий сайтынан алууга болот: https://frp.kg

Биздин социалдык тармактар