«Ишкердикти өнүктүрүү фонду» ААКсы Кыргызстанда аялдардын ишкердик демилгелерин колдоо үчүн 44 миллион сом бөлөтбагыттайт. Бул каражаттын 22 миллион сому — фонддун өз каражаттары, дагы 22 миллион сомду Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Каржы министрлиги аркылуу бөлүп берет.
Бүгүн, 2025-жылдын 19-майында, Каржы министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги жана Ишкердикти өнүктүрүү фонду үч тараптуу келишимге кол коюшту. Бул келишим «Айым көмөк» программасынын алкагында АӨБ тарабынан бөлүнгөн каражаттарды фондго өткөрүп берүү максатында түзүлдү.
Аталган каражаттар, өлкөнүн жети облусунда ишмердүүлүк жүргүзгөн аял ишкерлерге берилет. Бул долбоорго Бишкек менен Ош шаарларындагы ишкерлер катыша алышпайт.
Кредиттик пайыздык чен — жылына 12%, ал эми максималдуу сумма — 3 миллион сомду түзөт.