11-декабрь, 2024-жылы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен кызматташуу алкагында жана аймактардагы чакан жана орто бизнес тармагын ар тараптан өнүктүрүү максатында келишим түзүлдү. Бул келишимдин негизги максаты – аймактардагы ишкерлерге 12% жылдык үстөк менен жеңилдетилген насыяларды берүү болуп саналат.
"Аймактарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү" программасынын алкагында компания эки насыя продуктусун иштеп чыкты: "Өндүрүш" жана "Жашыл насыя". Насыялоо негизги багыттары өндүрүш тармагын колдоо жана туруктуу өнүгүүгө, ошондой эле экологиялык демилгелерге багытталган "жашыл" долбоорлорду каржылоону камтыйт.