«Ишкердикти өнүктүрүү фонду» ААКсында акционерлердин жылдык жыйыны өттү

2026-жылдын 25-апрелинде «Ишкердикти өнүктүрүү фондунун» ААКсында 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча акционерлердин жылдык жыйыны болуп өттү. Коомдун жалгыз акционери — Каржы министрлиги.

Жыйында төмөнкү отчеттор угулуп, бекитилди:

  •  2025-жылдагы каржы-чарбалык ишмердүүлүк боюнча отчет;
  •  2025-жылга карата бюджеттин аткарылышы боюнча отчет;
  •  фонддун киреше жана чыгымдар боюнча жылдык жыйынтыгы;
  •  2025-жылдагы таза пайданы бөлүштүрүү тартиби;
  •  2026-жылга карата компаниянын бюджети.

 Фонддун Башкармалыгынын төрагасы Ишенбек Медетов өз отчетунда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Каржы министрлигинин колдоосу менен компания туруктуу өнүгүүнү улантканын белгиледи.

Анын айтымында, отчеттук мезгилдин аягында компаниянын уставдык капиталы 1 миллиард 792 миллион 856,2 миң сомду түздү, ал эми кредиттик портфели 2 миллиард 7 миллион 986 миң сомго жетти. Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын башында уставдык капитал 1 миллиард 245 миллион 682 миң сом, ал эми кредиттик портфель 1 миллиард 162 миллион 661 миң сом болгон.

Белгиленген көрсөткүчтөр фондго чакан жана орто бизнести каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, ошондой эле экономиканын ар кандай тармактарында ишкерлерди колдоону улантууга мүмкүндүк берди.

Акционер тараптын өкүлдөрү компаниянын ишинин жыйынтыгын оң баалап, алдыдагы мезгилге карата негизги багыттарды белгилешти.

Биздин социалдык тармактар