Кыргызстандын Улуттук банкы «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» ААК МККсын микрофинансылык компанияга өзгөртүүгө макулдук берди. Бул тууралуу жөнгө салуучу органдын Юстиция министрлигине жөнөткөн расмий катында айтылат.
Микрофинансылык компанияга кайра түзүү процесси аяктагандан кийин Ишкердикти өнүктүрүү фонду берилүүчү насыянын максималдуу суммасын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Насыялоо мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши чакан жана орто ишкердик субъекттерине каржылык колдоону күчөтүүгө, ири көлөмдөгү каржылоого жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга, ошондой эле иштеп жаткан бизнести өнүктүрүүгө, өндүрүштү модернизациялоого жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кошумча шарттарды түзүүгө өбөлгө түзүлөт.