Ачык акционердик коом «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» жана ААК «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Документке аталган уюмдардын башкармалыктарынын төрагалары Ишенбек Медетов жана Эльдияр Калдарбеков кол коюшту.
Тараптар финансы тобокелдиктерин, айрыкча тышкы экономикалык ишмердик менен байланышкан операцияларды камсыздандыруу жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга макулдашышты. Ошондой эле экспортко багытталган долбоорлорду каржылоо жана инвестицияларды тартуу каралган.
Кызматташуу төмөнкү багыттарга багытталган:
- экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү;
- продукция жана кызматтардын экспорт көлөмүн жогорулатуу;
- инвестицияларды тартуу;
- эл аралык базарларда атаандаштыкты жогорулатуу;
- аймактарда экономиканы жана ишкердикти өнүктүрүү;
- жаңы жумуш орундарын түзүү;
- бюджетке түшкөн салык түшүмдөрүн көбөйтүү.
Мындан тышкары, тараптар ишкерлердин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн камсыздандыруу, маалымат алмашуу жана ишкерлердин камсыздандыруу боюнча каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча да кызматташууга макул болушту.