Мамлекеттик финансылык холдинг Ишкердикти өнүктүрүү фондунун экинчи акционери болду

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги — «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» ААК МККсынын жалгыз акционери — Компаниянын уставдык капиталын 500 млн сомго көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Бул үчүн Компания ар бири 100 сом номиналдык нарктагы 5 миллион даана жөнөкөй аталыштагы акция чыгарат. Бардык акциялар «Мамлекеттик финансылык холдинг» ААКсынын пайдасына жайгаштырылат.

Натыйжада Компаниянын экинчи акционери пайда болот. Кошумча чыгарылган акциялар жайгаштырылгандан кийин «Мамлекеттик финансылык холдинг» ААКсы Компаниянын акцияларынын болжол менен 21 пайызына ээлик кылат, ал эми Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эң ири акционер статусун сактап калат.

Уставдык капиталдын көбөйүшү Компаниянын финансылык туруктуулугун чыңдоого жана ишкердикти колдоо боюнча программаларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт.

Биздин социалдык тармактар