Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу Ишкердикти өнүктүрүү фондунда өлкөнүн бардык аймактарында жайгашкан 14 филиалдын жетекчилеринин катышуусунда кеңейтилген жыйын (коллегия) болуп өттү.
Жыйында филиалдардын жетекчилери насыя берүү процессин өркүндөтүү боюнча өз сунуштарын киргизишти. ИӨФ төрагасы Ишенбек Медетов, анын орун басарлары Адилет Маматов жана Адилет Камчыбеков филиалдардын ишиндеги бир катар кемчиликтерди белгилешип, жыл аягына чейин аткарылышы керек болгон так тапшырмаларды коюшту.
Ишенбек Медетов белгилегендей, насыя берүү көлөмү боюнча эң жогорку көрсөткүчтөрдү Бишкектеги башкы кеңсе, ошондой эле Кара-Суу райондук жана Ысык-Көл облустук филиалдары көрсөтүштү. Ошону менен катар бардык филиалдар жыл аягына чейин насыя берүү боюнча планды толук аткаруусу зарыл экенин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, фонддун айрым кызматкерлерине тартиптик жаза чаралары колдонулду.