Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Финансы-кредиттик фонддун базасында ачык акционердик коомду, Мамлекеттик финансылык холдингди түзүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Финансылык холдинг менен Ишкердикти өнүктүрүү фондунун ортосунда жеке адамдардын мамлекетке карыздары боюнча документтерди кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысы өткөрүлдү.
Эми бюджеттик ссудаларды кайтарууну Ишкердикти өнүктүрүү фонду жүргүзөт. Каржы-кредиттик фонддун карыз алуучулары кайтарып бере турган каражаттарды, FDF кайрадан кредиттерди берүүгө багыттай алат. Ошол эле учурда фонд бул акчаны 15 жыл колдонуу укугун алат, андан кийин каражат мамлекеттик бюджетке кайтарылат.
Кабыл алуу-өткөрүү актысына документтерди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик финансы холдингинин төрагасы Элдияр Доолбеков тапшырды. Кабыл алынган тараптан аларга Ишкердикти өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Ишенбек Медетов кол койду.
Ишкердикти өнүктүрүү фондуна которулган карыздын жалпы суммасы 2 миллиард 658 миллион 665 миң 68 сомду түздү. Бул 18 миң 414 карыз алуучунун карызы.
Жолугушуунун соңунда Элдияр Доолбеков Ишкердикти өнүктүрүү фондунун учурдагы ишмердүүлүгү менен таанышып, келечектеги иш багыттары боюнча өз оюн айтып, фонддун жамаатына коюлган милдеттерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.