ИӨФ электр унааларга, жылуулук изоляциясына жана күн панелдерине насыялар берет

Үй жылуулоо жана электромобилдер үчүн насыялар: ИӨФ жаңы жеңилдетилген программаны ишке киргизүүдө Кыргыз Республикасынын министрлер Кабинети «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» ачык акционердик коомуна 678 миллион 979 миң 979 сом өлчөмүндө бюджеттик кредит бөлүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Чечимге ылайык, кредит 20 жылдык мөөнөткө, жылдык 3 пайыз менен, алгачкы эки жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен берилет. Бул каражаттар ишкерлерди гана эмес, жеке жарандарды да жеңилдетилген шарттарда насыялоо үчүн пайдаланылат. Ишкердикти өнүктүрүү фондунан жарандар жылдык 12 пайыз менен төмөнкү максаттар үчүн насыя ала алышат:

  • турак жайларды жана бизнес объектилерин жылуулоо;
  • газга кошулуу (газдаштыруу);
  • жылытуу жана муздатуу системаларын жакшыртуу;
  • энергияны жана сууну үнөмдүү колдонгон жабдууларды сатып алуу;
  • кайра жаралуучу энергия булактарын (КЖЭ) жана заманбап технологияларды орнотуу;
  • электромобилдерди жана гибриддик автоунааларды сатып алуу;
  • абаны кайра колдонуу функциясы бар желдетүү системаларын орнотуу;
  • жылытуу жана муздатуу үчүн жылуулук насосторун орнотуу.

Насыянын эң жогорку көлөмү — 5 миллион сомго чейин, мөөнөтү — 5 жылга чейин. Бул чара туруктуу өнүгүүнү колдоого, экологиялык абалды жакшыртууга, ошондой эле жарандык жана ишкердик секторлордо энергия натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Биздин социалдык тармактар