Ишкерлер күнүнө атайын. Насыянын ставкалары 17% чейин

20-сентябрда белгиленген Ишкерлер күнүнө карата Каржы министрлигине караштуу «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» ишкерлерди колдоо максатында атайын акция жарыялайт.

Керектөөчү насыялар боюнча пайыздык чен жылына 17%га чейин төмөндөдү — бул өлкөдөгү эң төмөнкү чен, атүгүл коммерциялык банктардагы чендерден да аз.

Фонд ошондой эле рефинансирлөө мүмкүнчүлүгүн сунуштайт — башка банктардан жогорку пайыздар менен алынган учурдагы насыяны жаап, натыйжада насыялык жүктү бир топ жеңилдетүүгө шарт түзөт.

Белгилей кетсек, насыялар ишкерлерге да, жөнөкөй жарандарга да жеткиликтүү. Бул акциянын негизги максаты — ишкерлерди жана калкты колдоо, ар бир адамга насыялык жүгүн азайтууга, бизнесин өнүктүрүүгө же үй-бүлөлүк муктаждыктарын аткарууга мүмкүнчүлүк берүү, ошондой эле жаңы демилгелерди ишке ашырууга шарт түзүү. Биз ишенебиз: арзан жана жеткиликтүү насыялар пландарды ишке ашырууга жардам берет жана өлкө экономикасынын өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Насыя алууну каалагандар 0559 95 67 99 номери аркылуу кайрылса болот.

Биздин социалдык тармактар