Ишкердикти өнүктүрүү фондунда акционерлердин кезексиз жалпы жыйыны өттү

«Ишкердикти өнүктүрүү фонду» ААК МККда акционерлердин кезексиз жалпы жыйыны өттү.

Жыйында Фонддун ишмердүүлүгүнө жана корпоративдик башкарууга байланышкан маселелер каралды.

Тактап айтканда, компаниянын Уставына, Корпоративдик башкаруу кодексине жана Директорлор кеңеши жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери талкууланды. Мындан тышкары, Фонддун 2026-жылга карата бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселеси каралды.

Күн тартибинин алкагында акционерге каралып жаткан маселелер жана Фонддун учурдагы ишмердүүлүгү боюнча зарыл маалыматтар берилди.

Жыйындын жыйынтыгында күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алын
ды.

Биздин социалдык тармактар