Ачык акционердик коом болгон микрокредиттик компания «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн жылдык 8 пайыз менен жеңилдетилген насыяларды берүү боюнча өтүнмөлөрдү кабыл алууну баштаганын жарыялайт.
Каржылоо өндүрүш, кайра иштетуу жана кызмат көрсөтүү тармагында ишмердүүлүк жүргүзгөн ишкерлер үчүн жеткиликтүү болот. Бул максатта Фонд Финансы министрлигинен уставдык капитал катары алынган 500 миллион сомду багыттайт.
Насыялар 5 жылга чейинки мөөнөткө, 5 миллион сомго чейинки суммада берилет. Толук маалымат алуу, кеңеш алуу жана насыя боюнча кайрылуу үчүн өлкө боюнча жайгашкан Фонддун 13 филиалынын бирине кайрылса болот.
Ишкердикти өнүктүрүү фонду ишкерлерди кеңеш алууга жана өз ишин өнүктүрүүгө жеткиликтүү каржылоону пайдаланууга чакырат.