Ишкердикти өнүктүрүү фонду жылдык 6% менен кредит бере баштады

Ишкердикти өнүктүрүү фонду жылдык 6% менен кредит бере баштады

Ачык акционердик коом — микрокредиттик компания «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» мамлекеттик программа алкагында иштеп жаткан чакан жана орто бизнес үчүн жылдык 6% менен жеңилдетилген насяларды бере баштады.

Каржылоо өндүрүш, кайра иштетүү, экспорт, IT тармагы жана инновациялар багытында иш алып барган ишкерлерге, ошондой эле туризм, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында кызмат көрсөткөндөргө берилет. Мындан тышкары, каражаттарды өндүрүштүк имараттарды, жайларды жана курулмаларды сатып алууга багыттоого болот, бирок бул каражаттар иштеп жаткан өндүрүштү кеңейтүү, модернизациялоо же кубаттуулугун жогорулатуу максатында гана колдонулат. Жаңы долбоорлор үчүн же ишмердүүлүк жүргүзбөгөн объекттерди сатып алууга, ошондой эле жер тилкелерин алууга жол берилбейт.

Насыялардын максималдуу суммасы 5 миллион сомду түзөт, мөөнөтү — 18, 36, 48 жана 60 ай.

Насыя алуу үчүн күрөө талап кылынат. 500 миң сомго чейинки сумма үчүн кыймылдуу мүлк, ал эми 500 миң сомдон 5 миллион сомго чейинки насялар үчүн кыймылсыз мүлк коюлат.

Бул программа бизнестин туруктуу өсүшүн колдоого, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган. Программа Президенттин жана Министрлер кабинетинин колдоосу менен ишке ашырылууда.

Биздин социалдык тармактар