Ишкердикти өнүктүрүү фонду мамлекетке 70,8 млн сомдон ашык дивиденд которот

«Ишкердикти өнүктүрүү фонду» ААК МККсынын Башкармалыгы Компаниянын 2025-жылдын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 70,8 млн сомдон ашык дивиденд которот.

Дивиденд каражаттары акционерлердин жылдык жалпы жыйынынын чечимине ылайык мамлекеттик бюджеттин кирешесине которулат.

Дивиденддердин жалпы суммасы 70 892 540,71 сомду түзөт, бул Компаниянын 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча алынган таза пайдасынын 100 пайызын түзөт.

Дивиденддерди которуу Компаниянын туруктуу финансылык абалын тастыктап, акционерлердин жылдык жалпы жыйынынын чечимине ылайык жүзөгө ашырылат.

Биздин социалдык тармактар