Ишкердикти өнүктүрүү фондунун Аксый районундагы филиалы кайрадан өз ишин жандандырып, Аксый жана ага жакын жайгашкан райондордун ишкерлерин кабыл ала баштады. Бул кадам аймактагы чакан жана орто бизнести колдоого багытталган маанилүү иш-чара болуп саналат.
Эми жергиликтүү ишкерлер 12 пайыздан 18 пайызга чейинки жылдык үстөк менен пайдалуу кредиттерге кайрылса болот. Дареги – Кербен шаары, Ниязалы коч., 7/6.
Учурда Ишкердикти өнүктүрүү фондунун өлкө боюнча 13 филиалы бар. Жакынкы пландарда Фонд ар бир райондо филиал ачып, өлкөнүн бардык аймактарындагы ишкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк түзүүнү максат кылууда.
Аксый райондук филиалдын кызматкерлери бардык суроолор боюнча кеңеш берип, документтерди даярдоого жардам көрсөтүүгө даяр.
Кошумча маалыматты Фонддун расмий сайты аркылуу же филиалдын кеңсесине түз кайрылуу менен алууга болот.