«Кепилдик фонду» ААК менен кызматташуу

«МКК Ишкердикти өнүктүрүү фонду» ААК менен «Кепилдик фонду» ААК кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшту

Бүгүн, 16-январда “Кепилдик фонд” ААКсынын кеңсесинде “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы ААК менен кызматташуу келишимине кол коюу аземи болуп өттү.

Документке «Кепилдик фонду» ААК жана «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» Микрокредиттик компаниясы ААК башкармалыктарынын төрагалары Малик-Айдар Абакиров жана Медетов Ишенбек Бектурсунович кол коюшту.

Келишимде күрөөсү жетишсиз болгон ишкерлерге кепилдик берүүнүн шарттарын, тартибин жана механизмин аныктайт.

Келишим чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана кепилдиктерди берүү жолу менен финансы-кредиттик уюмдардын кредиттик тобокелдигинин бир бөлүгүн кыскартууга багытталган.

Кол коюунун жүрүшүндө «Кепилдик фонд» ААКсынын жетекчиси Малик-Айдар Абакиров «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» МККнын жетекчилигине кызматташуусу жана «Кепилдик фонд» ААКнын кепилдиги менен кредиттик ресурстар менен ишкердик субъекттерин колдоого даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Биздин социалдык тармактар