Урматтуу мекендештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз!

Көз карандысыздык күнү ар бир кыргызстандык үчүн өлкөбүздүн бүгүнкүсү жана келечеги үчүн улуттук биригүүнүн, ынтымактын жана жоопкерчиликтин символу болуп саналат. Бул көрүнүктүү күнү сиздерге алдыга койгон бардык пландарыңыздын ийгиликтүү ишке ашуусун, жаңы жеңиштерди жана жетишкендиктерди, туруктуу келечекке жана бакубат жашоого ишенүүнү каалайбыз! Өлкөбүздө тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү болсун!

Бул майрам Мекенибизди сүйгөн, анын тарыхын жана кылымдарды карыткан каада-салтын урматтаган, татыктуу келечеги үчүн эмгектенген бардык адамдарды бириктире берсин.

Биздин социалдык тармактар