"Мен Кыргызстанга инвестиция кылам" долбоору

“Мен Кыргызстанга инвестиция кылам” бейөкмөт уюмунун ишмердүүлүгү 2016-жылы “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” МКК ААКнын долбоору катары түзүлгөн. 2017-жылдын август айында биринчи стартаптардын демилгеси менен долбоор Коомдук бирикмеге айланган. 2 жыл ичинде 40 миңден ашык адам долбоор менен таанышып, 2000ден ашуун кайрылуу жасаса, эки жылда 20 стартап «Ишкердикти өнүктүрүү фондунан» жалпы суммасы 5,9 миллион сом жана жеке инвесторлордон 8 миллион сом насыя алышкан.

Биздин миссия - калктын финансылык сабаттуулугун жана маданиятын жогорулатуу жана ишкердикти колдоо аркылуу Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө салым кошуу. Максаттарга жетүү үчүн биз жаңы баштаган бизнес үчүн окутуу, насаатчылык жана каражаттардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча максаттарды койдук.

1 сезон

  • 1. «Кургатылган жемиштер» долбоору
  • 2. «Баткен күрүчү» долбоору
  • 3. «Бала бакча» долбоору
  • 4. «Тигүү бизнеси» долбоору
  • 5. «Балыкчылык» долбоору
  • 6. "Отел бизнеси" долбоору
  • 7. «Коомдук тамактануу» долбоору
  • 8. 1-сезондун жыйынтыгы

2 сезон

  • 1. "Келин бир саатка" долбоору
  • 2. "Эт бутиги T-Bone" долбоору
  • 3. "Робототехника Genius Lab мектеби" долбоору
  • 4. «Булгаарыдан жасалган буюмдарды чыгаруу» долбоору
  • 5. «Бөдөнө чарбасы» долбоору
  • 6. «Металл буюмдары» долбоору
  • 7. «Жайнамазды чыгаруу» долбоору
  • 8. 2-сезондун жыйынтыгы